USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Эртең 10 саат бою Кыргыз радиосунун толкунунда аккордеондун үнү жаңырат

17:55, 22 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Эртең саат 09:00дөн 19:00гө чейин Кыргыз радиосунун толкунунда музыкалык аспап- аккордеондун үнү жаңырат. Бул тууралуу КТРКдан маалымдашты.

«Кыргыз музыкасынын тарыхында чоң орунду ээлеп, музыкалык казынабыздын байышына таасир эткен эң популярдуу аспаптардын бири -аккордеон. Аккордеондун ар багыттуу музыкалык жанрларга тийгизген таасири жөнүндө кеп козголуп, кыргызга аккордоенду алып келген залкарлардын эмгеги айтылат. Ыр коштоодогу, аспаптык чыгармаларды жаратуудагы жел кыяктын мүмкүнчүлүктөрүнө саресеп салып, аккордеонду чебер ойногон профессионал таланттар келип, өнөрүн элге тартуулашат», -деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Кыргыз радиосунун «Алтын казынасына» жазылып алынган аккордеон кайрыктары жаңырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18