Ошто жер титиреди

16:09, 22 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 14:07де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кара-Суу районунун Лангар айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.