15:45, 22 мая 2019, Бишкек - 24.kg
«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында келип түшкөн айыппулдун бир бөлүгүн өкмөт тез жардам кызматына берет. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Анын айтымында, каражат тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртканга жардамчы болот.
Мухаммедкалый Абылгазиев Балыкчыда жергилииктүү бийлик өздөрү долбоорду ишке киргизгенин айтты. Ошто дагы алга жылуулар байкалууда.