Кыргызстанда үй-бүлөлүк дарыгерлердин орточо айлык акысы 21-22 миң сом

15:19, 22 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда үй-бүлөлүк дарыгерлердин орточо айлык акысы 21-22 миң сом. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин каржы саясаты башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакулов билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдан бери министрлик медиктердин айлыгын жогорулатуу боюнча ишти баштаган.

«Бирок, бюджеттин тартыштыгынан улам муну этап-этап менен кылуу кабыл алынган. Аны алгач үй-бүлөлүк дарыгерлерден башташкан», -деди ал.

Мирлан Атакулов билдиргендей, айлык берүүдө жаңы ыкма иштелип чыкты, ал жетишилген жыйынтыктардын негизинде берилет. Кошумча акы индикаторлорду аткарууга берилет, муну менен катар кепилденген айлык маяна сакталып калат.