Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Кошумчалай кетсек, өкмөттүн кайсы бир мүчөсү кызматынан бошогон шартта премьер-министр президентке бош кызматтык орунга Жогорку Кеңештин жактыруусу менен 5 иш күнүнүн ичинде дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт.