12:02, 22 мая 2019, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кербен шаарында үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык Токтогул көчөсүндө болгон.
Анын кесепетинен жалпы аянты 24 чарчы метр болгон үй толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн себеби такталууда.