12:00, 22 мая 2019, Бишкек - 24.kg
Бүгүн көпчүлүк аймактарда жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаайт.
Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
23-майда дагы туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, кээ бир тоолуу райондордо мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.