Баш калаанын айрым аймактарында ичүүчү таза суу токтойт

09:15, 22 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн саат 10дон кечки саат 6га чейин «Тунгуч» кичи районунда жана «Рухий-мурас» жаңы конушунда ичүүчү таза суу токтойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Сельский» суу тосмосунда оңдоо иштери жүргүзүлмөкчү.

Мэрия шаар тургундарына суунун запасын мол камдап алууну эскертет.