19:01
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өкмөт ипотекалык программаны каржылоого 500 миллион сом бөлдү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасын ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрүп, мамлекеттик ипотекалык компанияга беш жүз миллион сом бөлүү жөнүндө буйрукка кол койду.

Өкмөт башчы белгилегендей, ипотекалык программа ишке киргенден тартып өкмөт тарабынан аны каржылоого 4,8 миллиард сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Ипотекалык насыя боюнча пайыздык үстөктөр бул мезгилде 12-14 пайыздан 7-9 пайызга чейин төмөндөгөн.

«Өкмөт биздин жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо боюнча күч-аракеттерди дайыма колдоп келет жана муну өз ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары карайт. Бирок мүмкүндүктөрдү жана калкты камтууну кеңейтүү үчүн мамлекеттик ипотекалык компания бюджеттен тышкары кошумча ресурстарды тартуунун натыйжалуу механизмдерин киргизүүсү зарыл. Миңдеген биздин жарандар турак жай алуу жана үй шарттарын жакшыртуу үчүн өз кезегин күтүп жатышат. Биз ипотеканы жарандарыбыз үчүн мындан да жеткиликтүү жана пайдалуу кылууга тийишпиз. Себеби алар али да кыйынчылыктарга туш болуп жатышат», — деп баса көрсөттү өкмөт башчы.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума