Баткенде мал кайтарып жүргөн адамга чагылган тийип каза болду

16:03, 21 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Шыбыран жайлоосунда мал кайтарып жүргөн адамга чагылган тийип каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маркум мал кайтарып жүргөндө чагылган түшкөн.

Такталган маалымат боюнча ал 39 жаштагы жаран болгон.