Бишкекте мектептерде ачылган лагерлерде 3,5 миң бала эс алат

16:15, 21 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте мектептерде ачылган лагерлерде 3,5 миң бала эс алат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, балдар лагери баш калаадагы 37 мектепте 3-июндан 28-июнга чейин иштей баштайт. Жеткинчектер саат 8ден 14:00гө чейин аталган жайда болушат.

Муниципалитет эс алууну каалагандардын тизмесин тактап жатат. «Лагерге келген балдар ийримдерге катышып, ар кандай иш-чараларга күбө болушат. Аларга маданий жүрүштөр, спорттук оюндар уюштурулат», -деп билдиришти мэриядан.

Ар бир лагерде медициналык кызматкер жана ШИИББнын өспүрүмдөр иши боюнча инспектор иш алып барышат.