Кыргызстанда 2 миң 265 мектеп иштейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектептердин жалпы санынын 1 миң 40ы мамлекеттики, 1 миң 99у муниципалдык, 126сы жеке мектептер. Анда 1 миллион 268 миңден ашуун бала билим алышат.
«Бул жылы 11-классты 50 миңден ашуун окуучу аяктайт, ал эми 9-классты 96 миңден ашуун бала бүтүрөт. Жаңы окуу жылына 150 миңден ашуун 1-класстын окуучуларын кабыл алуу күтүлүүдө, анын 18 миңден ашууну Бишкектин мектептерине барат», -деди министр Гүльмира Кудайбердиева.