Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Шамил Асымбеков кызматтан кетти

11:10, 21 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси Шамил Асымбеков кызматтан кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине маалым болду.

Шамил Асымбеков кызматтан өз ыктыяры менен кетүү тууралуу арызын жазды.

Ал бул кызматка былтыр 20-сентябрда келген.

Эске салсак, буга чейин өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетов ээлеген кызматынын кетти деген маалымат айтылган болчу.