Чүйдө 4 жашар бала каналдагы сууга чөгүп кетти

10:47, 21 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Кечээ Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Кеңеш айылында 4 жашар бала каналдагы сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, баланы 10 куткаруучу издеген. Ошол эле күнү баланын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришти.

Эске салсак, 19-майда Ошто 10 жаштагы кыз каналдагы сууга чөгүп кеткен.