Жол эрежелерин бузууда салынган 108 миң айыппулдун 44 пайызы төлөндү

10:21, 21 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Жол эрежелерин бузууда салынган 108 миң айыппулдун 44 пайызы төлөндү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Жыл башынан бери «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 108 миң 137 токтом чыккан. Алар унаа ээлерине жиберилген. Анын 44 пайызы айыппул төлөп, 70 миллион сомго жетти.

Белгилей кетсек, «Коопсуз шаар» долбоору 12-февралдан тарта ишке кирген.