Пенсионерди мыкаачылык менен өлтүрүшкөн 2 жаран кармалды

09:35, 21 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте белгисиз 2 жаран үйдү тоноого аракет кылып, пенсионерди мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

83 жаштагы аял Жумушчу шаарчасында жалгыч жашачу.

«Жеке турак үйдөн улгайган аялдын сөөгү табылды. Анын колдору жана башы чүпүрөк менен таңылган. Анын зомбулуктан өлгөнү аныкталды», -деп жазылат маалыматта.

Аталган окуяга шектелип буга чейин соттолгон 38 жаштагы Х.Т. жана 53 жаштагы П.М. кармалды.