Казак президенти Касым-Жомарт Токоев Кыргызстанга расмий иш сапар менен келет

13:58, 20 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Казак президенти Касым-Жомарт Токоев Кыргызстанга расмий иш сапар менен келет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун казак кесиптеши Бейбут Атамкулов менен жолугушуусу учурунда айтылды.

Касым-Жомарт Токоев июнь айында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине да катышат.

Белгилей кетсек, Казакстанда президенттик шайлоо 9-июнга белгиленген.