Улуттук госпиталдын бөлүм башчысы бейтаптан пара алып жаткан жеринен кармалды

09:39, 20 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Улуттук госпиталдын бөлүм башчысы бейтаптан пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактардан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМКнын кызматкерлери Улуттук госпиталдын көз оорулары боюнча бөлүмүнүн башчысын кармашкан. Ал көзгө операция жасоо үчүн 30 миң сом талап кылган.

Даарыгер үй камагына бошотулду.