15:20
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстандык жаш музыканттар эл аралык сынакта баш байгени жеңип алышты

Кыргызстандык жаш музыканттар Казакстанда өткөн эл аралык сынакта баш байгени жеңип алышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган сынак Алматыда өттү. Баш байгени Бишкектеги П.Ф.Шубин атындагы балдардын музыкалык борборунун тарбиялануучулары алышты.

Мындан тышкары аталган сынактан тышкары башка «Биз бактылуу балабыз» аттуу эл аралык сынак уюштурулду. Анда аталган борбордун балдары Жибек Ахунбаева (фортепиано), Тунайым Кубанычбекова (комуз) жана София Колосова (фортепиано)"Аспапта ойноо" номинациясындда баш байге алышты.

Эң көп окулган жаңылыктар