17:47, 17 мая 2019, Бишкек - 24.kg
Рыскулов менен Исанов көчөлөрүнүн кечилиш аймагында газондо мал жайылып жүрөт. Окурман 24.kg агенттигине билдирди.
«Койлорду кандайдыр бир карыя кайтарып калат, кээде мал кароосуз эле жайылып жүрөт. 6 даана кой. Көчөгө чыга калышы мүмкүн да, ал эми анын маңдайында ПРООНдун кеңсеси орун алган», -деп жазган окурман.
Эске салсак, кечээ Бишкек шаардык кеңешинде баш калаанын ичинде ири мүйүздүү мал кармоого тыюу салууну сунушташкан.