01:17
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Иманкадыр Рысалиев: «Мегакомдун» башчысынын айткан айыптоолору жалган

«Мегакомдун» башчысынын мага карата айтылган айыптоолору жалган деп расмий түрдө айтам. Бул фейк жана ушак. Бул тууралуу «Ачык өкмөттүн» катчылыгынын башчысы Иманкадыр Рысалиев 24.kg агенттигине айтты. 

Ал Акылбек Жамангулов менен сүйлөшкөнүн жашырбайт. Бирок, анын айтымында, кеп өлкөнүн келечеги, балдар тууралуу, алар кандай өлкөдө жашайт деген таризде болгон.

«Мен жөнөкөй элдин балдары бар деп айткам. Бул кандайча коркутуу болуп калат? Мен эмне жинди белем? Мен укук коргоо органдарынан расмий түрдө Акылбек Жамангуловдун айткандарын текшерип чыгууну суранам. Менин жазгандарымды анализдеп чыгышсын. Анда кайсыл жеринде коркутуу бар экен?», -деди Иманкадыр Рысалиев. 

Буга чейин «Мегакомдун» башчысы Акылбек Жамангулов Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуу болуп жатканын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар