Ошто каналдагы сууга 8 жашар бала чөгүп кетти

14:25, 17 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Ошто каналдагы сууга 8 жашар бала чөгүп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ош ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала үйүнүн жанындагы каналга түшүп кеткен. Аны суудан алып чыгышкан, бирок Ош облустук ооруканасынан каза болуп калды.