Кыргызстанда ВИЧ-инфекциядан 1 миң 925 киши каза болду

13:43, 17 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда ВИЧ-инфекциядан 1 миң 925 киши каза болду. Бул тууралуу маалымат жыйында «СПИД» республикалык борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов билдирди.

Ал билдиргендей, 1987-жылдан бери аталган дарт менен жабыркаган 9 миң 10 киши катталган.

«Акыркы жылдары ВИЧ-инфекциядан каза болгондордун саны азаюуда. Бүгүн жеткиликтүү дары-дармек бар, мындан улам бейтаптар узак жана татыктуу жашай алышат», -деди Айбек Бекболотов.