Ош облусуна караштуу Араван районунда жыгач устундуу шифер жабылган бастырма күйгөн. Анда анын 40 чарчы метр чатыры, 150 боо пахта сабагы жана 1 тонна чөп күйгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрт отко этиятсыздык менен мамиле кылуудан улам келип чыккан.
Ошондой эле, Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Ак-Өлөң айылында камыш өрттөндү.
Маалыматка караганда, кырсык айылдын Боз-Бармак тилкесинде болгон. Анын кесепетинен ачык аянтта 2 гектар куураган чөп, камыш күйгөн.