Кыргыз-өзбек чек арасы. Талаада биргелешип изилдөө жүргүзүлөт

09:28, 17 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек аранын айрым тилкелерин талаада биргелешип изилдөө жүргүзүү сунушу айтылды. Бул тууралуу Бишкекте Кыргызстан жана Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араны делимитациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусунда маалым болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган участокторун сызыгын чийүү боюнча сунуштар талкууланды.

Өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторунун жолугушуусунун алкагында мамлекеттик чек аранын айрым тилкелерин талаада биргелешип изилдөө жүргүзүү тууралуу макулдашышты.

Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Өзбекстан Респуликасынын аймагында өтөрү күтүлүүдө.