Ысык-Көлдө «Жаш Булак-2019» жаштар форум-лагери өтөт

09:14, 17 мая 2019, Бишкек - 24.kg

24-30-июнь күндөрү Ысык-Көл облусуна караштуу Кырчын капчыгайында эл аралык «Жаш Булак-2019» жаштар форум-лагери өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чаранын максаты- жаштардын кесипкөйлүгүн, талантын жана мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу.

«Жаштар лагеринин алкагында билим берүүчү тренингдер, мастер-класстар, ошондой эле таанымал инсандар менен жолугушуулар, билим берүүчү долбоорлордун жана курстардын бет ачаарлары болот», — деп айтылат маалыматта.

Бул жылы форум-лагерге Өзбекстан менен Россиядан катышуучулар чакырылган. Лагерге 18 жаштан 35 жашка чейин жарандар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаштар менен иш алып барган адистери катыша алат.