Бишкекте балдар интернаттарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн жаштар үйү салынат

17:15, 16 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте балдар интернаттарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн жаштар үйү салынат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Жетим балдардын укугу» коомдук фондунун башчысы Игорь Беляев билдирди.

Анын айтымында, «Сейтек» балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачыл борборунда 22-майда кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда кайрымдуулук концерт болот. Чогулган каражат балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн салына турган турак жайга коротулат.

«Долбоор 2018-жылы башталган. Алгачкы үйлөр Новопокровка айылында курулган. Ал жактын шарты үй шартына окшоштурулган», деди Игорь Беляев.