16:04, 16 мая 2019, Бишкек - 24.kg
Сооронбай Жээнбеков «КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Эске салсак, мыйзамды Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алып берген.
«Аталган мыйзам 2010-жылдын 27-июнундагы референдумдагы Конституцияга ылайык келтирүү максатында кабыл алынган», — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Жогорку соттун Конституциялык палатасы 2018-жылдын 3-октябрында «КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзамдын 12-беренеси Баш мыйзамдын 16-беренесине (3-бөлүгү) каршы келерин баса белгилеген. КП судьялары учурдагы нормага ылайык экс-президент өлкө башчы болуп турган маалында жасаган иштери үчүн жооп бербей турганын айтышкан.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.