03:25
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Экс-президенттин кол тийбестигин алуу мыйзамына Сооронбай Жээнбеков кол койду

Сооронбай Жээнбеков «КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Эске салсак, мыйзамды Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алып берген.

«Аталган мыйзам 2010-жылдын 27-июнундагы референдумдагы Конституцияга ылайык келтирүү максатында кабыл алынган», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Жогорку соттун Конституциялык палатасы 2018-жылдын 3-октябрында «КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзамдын 12-беренеси Баш мыйзамдын 16-беренесине (3-бөлүгү) каршы келерин баса белгилеген. КП судьялары учурдагы нормага ылайык экс-президент өлкө башчы болуп турган маалында жасаган иштери үчүн жооп бербей турганын айтышкан.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар