16:40, 16 мая 2019, Бишкек - 24.kg
«Мектептерге электрондук жазылуу» долбоорунун биринчи турунда Бишкектеги окуу мекемелерине 6 миң 369 бала катталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине долбоорду иштеп чыгуучулар билдиришти.
Маалыматка караганда, баарды болуп 8 миң 979 арыз келип түшкөн. Дагы 1 миң 510 арыз жактырылып, 164ү кароодо турат. Ар кандай себептер менен 443 арыз четтетилди.
Биринчи турдан кийин мектептерде 8 миң 856 орун бош калды. Бүгүн 16-майдан тарта экинчи этап башталды.