Ош ШИИББ ата-энелерди балдарын көзөмөлгө алууга чакырды

13:38, 16 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Жарамазан айтуу- жол бойлоп жүгүргөн жаш балдардын тилемчилигине айланбоосу керек. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы жазды.

Аталган башкармалык ата-энелерге кайрылып, балдарын көзөмөлгө алууга чакырды.

«Жарамазан айтуу маданияты туурасында түшүнүгү жок балдар бул айды акча табуунун айы катары кабыл алып жатышат. Бир келишкен үйгө кайра-кайра келишип, тамак ичип отурган коомдук тамактануу жайларына дагы кирип барышууда. Башкысы, жашы жетелек балдар жол бойлоп жүгүрүп, өздөрүнүн өмүрүнө коркунуч келтирип, айдоочуларга ыӊгайсыздык жаратууда», -деп айтылат билдирүүдө.