Ош шаарындагы сулуулук салондон өрт чыкты

11:23, 16 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Ош шаарындагы сулуулук салондон өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ж.Раимбеков көчөсүндөгү салондон өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен анын 16 чарчы метр керме шыбы күйгөн.

Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.