Кыргыз ССРинин башчысы Исхак Раззаковдун үй-бүлөсүнө жардамга муктаж

10:39, 16 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Исхак Раззаковдун үй-бүлөсү жардамга муктаж. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабылды Тилляев билдирди.

Анын айтымында, Исхак Раззаковдун 72 жаштагы кызы Элмира Раззакова оор абалда жашайт.

«Ушундай кишинин тагдырына кайдыгер карабай, жардам бериш керек», — деди ал.

Элмира Раззакова оорукчан уулу менен Москва шаарында жашайт. 

Эскерте кетсек, Исхак Раззаков Кыргыз ССРин 1950-1961-жылы башкарган.