11:06, 16 мая 2019, Бишкек - 24.kg
Бишкекте жылуулук түйүндөрүн алмаштырууга байланыштуу Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинин Гоголь көчөсүнө чейинки бөлүгү 28-майга чейин жабык болот.
Мэрия шаардыктарды жана меймандарды унаа менен жүрүү үчүн алдын ала пландап алууну эскертет.