Панфилов паркында өрт чыкты. Зоопарктагы жаныбарлар өрттөндү

10:08, 16 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Панфилов паркында өрт чыгып, кафе жана чакан зоопарк өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Кырсык бүгүн түнү болгон.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге 4 өрт өчүрүүчү бригада барган. «Живая экзотика» зоопаркындагы жаныбарлар өрттөнүп кеткен. Тилсиз жоо 3:32де толугу менен өчүрүлгөн.