Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

10:00, 16 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти. 

Фото

Маалыматка ылайык, 12-майда Сокулук РИИБга Военно-Антоновка айылынан киши колдуу болуп каза болгон адам тууралуу маалымат келип түшкөн. Каза болгон жаран 53 жаштагы Т.В. болуп чыкты.

Аталган кылмышка шектүү делип 23 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, тургундар ич ара келишпестиктен улам уруша кетишкен.