23:26
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Дамир Мусакеевдин жердештери бүгүн митингге чыгышат

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Тоң районунда УКМКнын 9-кызматынын мурдакы жетекчиси Дамир Мусакеевди колдоо митинги өтөт.

Дамир Мусакеевдин жердештери Бөкөнбаев айылындагы Жеңиш паркына 12.00дө чогулат.

Митингди «Акыйкат үчүн күрөшүү комитети» уюштуруп жатат. Алар Дамир Мусакеевди колдоодон сырткары, жол, жерди трансформациялоо маселерин да көтөрүшмөкчү.

Белгилей кетсек, Дамир Мусакеевге каршы мыйзамсыз баю фактысы менен Аскердик прокуратура иш козгогон. Тергөөнүн билдирүүсүндө, 2010-2017-жыл аралыгында ал жалпысынан 20 миллион сомго кыймылсыз мүлк сатып алган.

Дамир Мусакеев 2018-жылдын 4-апрелинде кызматтан алынган. Ага 31-март күнү КСДПнын курултайы өткөн «Орион» отелинин коопсуздугун Дамир Мусакеев өзү камсыз кылгандыгыг себеп болушу мүмкүн экендиги айтылоган.

Эң көп окулган жаңылыктар