Баш калаадагы Абай көчөсү жол кыймылы үчүн ачылды

09:15, 16 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Кечээ баш калаадагы Абай көчөсү жол кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

Маалым болгондой, аталган көчө 25-марттан тарта оңдолуп башталган. Абай көчөсү жолдорду оңдоо долбоорунун алкагында ремонттон өттү.

«Долбоордун негизинде 38 чакырымдык 23 көчө оңдолот. Анын 18инде иштер аяктады. Учурда Алтымышев, Репин жана Нуркамал көчөлөрүндө ремонт иштери жүрүүдө», -деп айтылат маалыматта.