Баш калаада кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өтөт

09:09, 16 мая 2019, Бишкек - 24.kg

28-майда Бишкекте эмгек сиңирген машыктыруучу Анаркул Кыбраевдин байгеси үчүн кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен маалымдашты.

Спорттук мелдеш Кожомкул атындагы спорт сарайда өтөт. Ага жашы 18ге толгон бардык спортчулар катыша алат.

Спортчулар 60, 74, 84 жана салмак ченинен жогорку категория боюнча күч сынашат.