Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы дыйкан чарбасына, Түп райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, Түп айылында курулуп жаткан спорткомплексине барып, Түп районунун жашоочулары менен жолугушат.
17-майда мамлекет башчысы Балыкчы шаарындагы орто мектептерге барат, шаардын тургундары менен жолугушат, «Акылдуу шаар» жана Балыкчы шаардык мэриянын башка инновациялык долбоорлору менен таанышат.