12:00, 17 мая 2019, Бишкек - 24.kg , Айнура Аскарова
Кыргызстанда диний билим берүү, айрыкча ислам жаатындагы чар-жайыт окутуу акыры барып чегине жетти. Медреселерде кароосуз калган, зомбулукка кабылган жашы жете элек жеткинчектер тууралуу ЖМК байма-бай пайда болгон маалыматтардан сырткары диний окуу жайды бүтүп, кесипсиз жана светтик билими тайкы бойдон калган жаштар жоон тобу түзүлдү. Алар коомдон обочолонгон топту гана эмес, ар кандай радикалдуу агымдардын куралына айлануу коркунучун да жаратат. Мындан улам, коомдук уюмдар диний билим жаатын иретке салуу талабын айтып келишет. Ал эми мамлекет концепция, мыйзам, эми жобо кабыл алуу менен убара.
Кыргызстандын аймагында диний билим берүүнүн жана диний сабатуулуктун тарыхы Орто Азиянын дин тарыхы менен тыгыз байланышта өнүгөт. Диний сабаттуулуктун жогорку деңгээли аалым Имам Сарахсий жана Сражидин Аль-Оший сымал илимпоздордун дооруна туш келет.
Борбордук Азиянын билим борборлору Бухара, Самарканд, Фергана менен бирге байыркы Ош шаарында дагы жайгашкан.
Кыргызстанда диний сабаттуулук алгач эле Ханафий мазхабдын негизинде түптөлгөн.
Педагогика илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиевдин айтымында, Кыргызстанда орус революциясына чейин эле мектептер, медреселер болгонун, кыргыз эли XIX кылымдын аягы, XX кылымдын башында реформаланып, светтик билимдер киргизилген жадид усул медреселеринде кыргыз интеллигенциясы билим алган.
Кыргызстанда калктын 80 пайызы мусулман болгондуктан, эл ичинде исламдык билим алууга жана Куран жаттоого кызыгуу күч.
Ал эми Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин, 1991-жылы кабыл алынган «КРда диний ишенимдин жана диний уюмдардын эркиндиги жөнүндө» мыйзам бардык диндердин, биринчи кезекте исламдын жанданышына кеңири жол ачты. Анын жыйынтыгында бүгүн өлкөнүн аймагында расмий маалымат боюнча 112 диний окуу жай бар.
Булан институту медреседе окуган балдардын саны расмий маалыматта көрсөтүлгөн 6 миңден бир кыйла көптүгүн кабарлайт.Бирок, бул жаатта бир катар иликтөөлөрдү жүргүзгөн Булан институтунун 2017-жылы чыккан баяндамасында, диний окуу жайлардын саны расмий маалыматтан бир топко көп экени айтылат. Айрыкча, мечиттерде өз алдынча ачылып алып уруксатсыз иштеп аткан медреселердин саны басымдуулугу белгиленет.
Айтмакчы, ислам багытындагы билим берүү мекемелеринен бир гана Ислам университети мамлекеттик күбөлүккө ээ. Калгандарынын мыйзам алдында балдарды окутууга укугу жок.
Дагы бир олуттуу маселе, диний окуу жайды аяктаган улан-кыздар көп учурда жумуш таппай, же андан ары окуусун уланта албайт. Себеби диний окуу жайлардын мамлекеттик лицензиясы жок болгондуктан диплом да бере алышпайт.
Медресени аяктады деген күбөлүктү мамлекет тааныбайт. Жада калса ал баланын мектепти бүттү деген аттестаты да жок болгондуктан окуусун уланта албай калууда.
Жобого ылайык диний окуу жайлардын атайын окуу программасы болушу керек. Орто диний окуу жайларга: Кыргызстандын тарыхы, Адам жана коом, Диндердин тарыхы, Кыргыз тили жана Кыргыз Адабияты деген сабактар сунушталды. Ал эми жогорку окуу жайларга: Кыргызстан тарыхы, Жаран тануу, Дин тануу, Кыргыз тили, Орус тили, Чет тили, Психология жана педагогика, Дүйнө тарыхы, Маалыматтык технологиялар деген сабактар киргизилиши шарт.
Андан тышкары, окутуучусу, программасы, имараты, техникалык базасы болуш керек. Ал эми бир жылдан ашпаган кыска мөөнөттөгү диний курстарда окуу программасы, окутуучусу жана окуу куралы болушу шарт.