Кытай түрмөсүнөн эки кыргызстандык жаран Бишкекке алынып келинди

15:21, 15 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Кытайдагы түрмөдө көптөн бери отурган эки кыргызстандык жаран Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, камактагы жарандарды Кытайдын Жаза аткаруу кызматы 14-май күнү Үрүмчү шаарында Кыргызстандын жаза аткаруу кызматкерлеринин колуна өткөрүп берген.

Кыргызстандык 2 жарандын Кытайда түрмөгө кантип түшүп калганы айтылган эмес.