18:10
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бир жылда өлкөдөн 7 миңден ашык адам туруктуу жашоого башка өлкөгө чыгып кеткен

2018-жылы 7 миң 100 адам адам туруктуу жашоо үчүн башка өлкөгө чыгып кетти. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.

Кыргызстанга келгендерге караганда, кеткендердин саны арбын.

2018-жылы республикага туруктуу жашоо үчүн 1 миң 700 адам келген, ал эми 7 миң 111 адам өлкөдөн чыгып кеткен. Калктын миграциялык агымы −5 миң 400 кишини түздү.

2017-жылы 2 миң адам келген, 5 миң 900 адам өлкөдөн чыгып кеткен. Калктын миграциялык агымы — 3 миң 900 адамды түзгөн. Натыйжада, миграциялык баланс 1,4 эсеге көбөйгөн

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында, чет өлкөгө чыгып кеткендердин көпчүлүгү дагы Россия жана Казакстанга сапар тартышат.

Эң көп Чүй облусунда (1000 адамга 2,3 адам) тургундары четке чыгып кетишкен.

Эмигранттардын эң көп этникалык тобун орустар (37 пайыз), кыргыздар (30 пайыз), өзбектер (15 пайыз), украиндер (3 пайыз) жана татарлар (2 пайыз) түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар