12:01, 15 мая 2019, Бишкек - 24.kg
Муфтияттын ооз ачарында түрк элчиси Жеңгиз Кемал Фырат менен болгон окуя жеке мүнөзгө ээ. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
«2019-жылдын 8-майында «Дасмия» ресторандык комплексинде Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңиз Кемал Фыраттын катышуусу менен болгон окуя жеке мүнөзгө ээ жана ал Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн боордош мамилелерге таасирин тийгизе албайт», — дейт ТИМ.
Белгилей кетсек, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат 8-май күнү муфтияттын ооз ачарында «Сапат» билим берүү мекемесинин директору Орхан Инандыны көрүп, ызы-чуу салып, чыгып кеткен. Ал муфтиятты 35 миллион долларга мечит салып бергенине карабай, террористтерди конокко чакыргандыгына айыптаган.