Миңден ашуун бала бакчага көп тилдүү билим берүү программасы киргизилет

09:12, 15 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Көп тилдүү билим берүү программасы киргизилген бала бакчалардын саны 2020-жылдын акырына чейин эки эсе көбөйөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда аталган программа 42 бала бакчага киргизилген.

Министрлик балдар бакчадагы 1 миң 380 педагогдун квалификациясын жогорулатууну пландоодо.

«1 миң 296 балдар бакчасына 3 жаштан 6 жашка чейинки балдар үчүн өнүктүрүү, окутуу жана тарбиялоо программасы киргизилет», -деп айтылат маалыматта.