15:40, 14 мая 2019, Бишкек - 24.kg
Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Октябрь РИИБга А.А. аттуу жаран кайрылып, 12-мартта АКШга виза алып берем деп алдап 700 долларын алып качып кеткенин айткан.
Аталган окуяга шектелип 1972-жылы туулган М.Р. кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.