Борбор калаадагы негизи жолдор мезгил-мезгили менен жабылып турат

14:05, 14 мая 2019, Бишкек - 24.kg

15-майга чейин борбор калаадагы негизи жолдор мезгил-мезгили менен жабылып турат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул күндөрү Бишкек шаарында Шанхай кызматташуу уюмунун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусу болууда.

Ведомство утурумдук ыңгайсыздыктарга элди түшүнүү менен кароого чакырды.