Үстүбүздөгү жылы Бишкекте 35 мектеп, 15 бала бакча оңдолот

11:46, 14 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Үстүбүздөгү жылы Бишкекте 35 мектеп, 15 бала бакча оңдолот. Бул тууралуу мэриянын жыйынында айтылды.

Мындан тышкары, Октябрь районундагы балдардын чыгармачыл борбору жана 12 саламаттык сактоо объектилери оңдолот.

Маалыматка ылайык, «Мурас-Ордо» жана «Кайыңды» калктуу конуштарындагы мектептерди куруу иштери уланат. Ошондой эле «Тынчтык», «Көлмө», «Жеңиш», «Мурас-Ордо» жана «Калыс-Ордо» конуштарында саламаттык сактоо объектилеринин курулушу уланмакчы.