Өлкө аймагында «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагы өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
«Кеп Балыкчы, Баткен, Бишкек, Жалал-Абад, Исфана, Кадамжай, Кара-Балта, Каракол, Кара-Көл, Кара-Суу, Кербен, Кочкор-Ата, Нарын, Ош, Талас, Таш-Көмүр, Токмок жана Өзгөн шаарлары тууралуу болуп жатат. Сынакка катышуу — ыктыярдуу түрдө. Байге фонду 6 миллион сомду түзөт. Он шаардын ичинен комплекстүү баа боюнча жогорку балл топтогон 3 шаарга байгелүү орундар (1, 2 жана 3-орун) ыйгарылат», -деп билдиришти аппараттан.
«Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагынын шарттары жана мөөнөттөрү тууралуу кеңири маалымат жакынкы мезгилде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.