Балыкчынын мэри болуп 26 жаштагы Марат Кудайбергенов шайланды

11:17, 14 мая 2019, Бишкек - 24.kg

Балыкчы шаардык кеңешинде жаңы мэрди шайлоо өнөктүгү аяктады. Шаардын мэри болуп 26 жаштагы Марат Кудайбергенов шайланды.

Анын талапкерлигин 31 депутаттын ичинен 22си колдошту. Атаандашы Мирбек Шакировго 9 депутат добуш берген.

Буга чейин Балыкчы шаарынын мэри болуп Алмаз Мамбетов иштеген. Ал 19-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматына төрага болуп дайындалган.